08:30, 15 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Эл аралык музейлер күнүнүн алкагында 16-майда «Тогуз коргоол» улуттук интеллектуалдык оюну менен тааныштыруу максатындагы маданий-таанып билүү иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын коноктору кыргыз элинин маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү болгон байыркы интеллектуалдык оюндун тарыхы, философиясы жана өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Катышуучуларга тогуз коргоолдун келип чыгышы, өнүгүү жолу жана бүгүнкү күндөгү орду тууралуу кеңири маалымат берилет.
Программанын алкагында:
Иш-чара улуттук интеллектуалдык оюндарды жайылтууга, маданий мурастарды сактоого жана жаштардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган.
Уюштуруучулар бардык каалоочуларды кызыктуу жана мазмундуу интеллектуалдык иш-чарага катышып, «Тогуз коргоол» оюнунун өзгөчө дүйнөсүн ачууга чакырат.