ДСУ хантавирустун сегизи «Анд» штаммы экени тастыктады

08:03, 15 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Учурда хантавирустан улам келип чыккан оорунун 11 учуру катталды, анын ичинде үчөө өлүм менен аяктаган. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) шилтеме берүү менен DW басылмасы жазып чыкты.

Оору жуктургандардын баары Нидерландынын MV Hondius круиздик лайнеринин жүргүнчүлөрү жана экипаж мүчөлөрү экени аныкталды.

Катталган 11 учурдун сегизи хантавирустун «Анд» (Andes) штаммы экени лабораториялык түрдө тастыкталды. Бул штамм башка түрлөрдөн айырмаланып, адамдан адамга жугат. Дагы эки учур «ыктымал» деп эсептелсе, бирөө текшерилүүдө. Уюм дүйнө калкы үчүн инфекциянын жайылуу коркунучун дагы деле төмөн деп баалайт, бирок кеменин жүргүнчүлөрү менен экипажы үчүн коркунуч орточо деңгээлде сакталууда.

Анд штаммы — адамдан адамга чектелген түрдө жугууга жөндөмдүү жалгыз штамм деп эсептелет. Эреже катары, мындай жол менен жугушу үчүн жакын жана узак убакыт бою байланышта болуу талап кылынат, ал эми инкубациялык мезгил 6-8 жумага созулат. Ошентсе да, адистер бул жагдайды COVID-19 пандемиясы менен салыштырууга болбой турганын баса белгилешет: вирустун мынчалык чоң эпидемиялык потенциалы жок.