14:25, 14 мая 2026, Бишкек - 24.kg
11-майдан тартып Бишкек шаарындагы алты көрүстөндө маркумдарды жерге берүү, мурдагы мүрзөлөргө кошумча көмүү жана жаңы сөөк коюу иштери жүргүзүлбөйт.
Борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мындай чечим көмүү жайларын тейлөөдө санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо, ошондой эле жаңы сөөк коюу үчүн бош жерлердин жоктугуна байланыштуу кабыл алынды.
Төмөнкү көрүстөндөрдө сөөк коюуга тыюу салынды:
Бишкек шаарынын мэриясы тургундардан сөөк коюуну уюштурууда киргизилген чектөөлөрдү эске алууну жана жаңы сөөк коюу үчүн бөлүнгөн көрүстөндөр тууралуу маалымат алуу максатында «Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасына кайрылууну өтүнөт.