Жеке маалыматтарды коргоо. Кыргызстанда 150 мамлекеттик орган текшерилет

12:40, 14 мая 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын аягына чейин Кыргызстанда жеке маалыматтарды коргоо боюнча талаптардын аткарылышын текшерүү максатында 150 мамлекеттик орган текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кутман Мамыров билдирди.

Ал бул маалыматты депутат Токтобүбү Ашымбаеванын суроосуна жооп берип жатып айтты. Эл өкүлү алдамчылар ачык булактардагы маалыматтарды колдонуп, кийин аларды системаларды бузуп кирүү үчүн пайдаланып жатканын белгилеген. Ошондой эле депутат Санариптик кодекстин 88-беренеси кандай аткарылып жатканына жана мамлекеттик органдардын маалыматтарды коргоо ишине мониторинг жүргүзүлөр-жүргүзүлбөсүнө кызыкты.

Кутман Мамыров текшерүүлөр пландалганын жана бул боюнча Министрлер кабинетинин уруксаты алынганын кошумчалады.