09:15, 14 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Новосибирск шаарында Кыргызстандын жаранынын сөөгү табылганын социалдык тармактын колдонуучулары кабарлашкан. Бул окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги түшүндүрмө берди.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн токтоосуз тийиштүү чараларды көрдү.
Кызматкерлер ыкчам түрдө Новосибирск облустук клиникалык ооруканасынын патологоанатомиялык бөлүмүнө барышып, туугандары менен биргеликте таануу иштерин жүргүзүштү. Натыйжада, каза болгон жаран 1997-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Суу районунун кулуну, КР жараны Н.А. экендиги аныкталды.
Башкы консулдук маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн тийиштүү документтерди тариздөөдө туугандарына керектүү жардамдарды көрсөтүүдө.
Министрлик жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемеси бул маселени көзөмөлдөөнү улантууда. Ошондой эле Россия Федерациясынын компетенттүү органдары жана маркумдун жакындары менен байланышта болуп жатышат.
Мекендешибиздин өлүмүнүн себептери азырынча айтыла элек.