Салык кызматы: Иштебеген компанияларды жоюу тартиби кандай болот?

09:02, 14 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда иштебеген компанияларды жоюу процесси кандай жүрөрү тууралуу Салык кызматы маалымат берди.

Мекемеден билдиришкендей, учурда иштебеген юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди мажбурлап каттоодон чыгаруу жана жоюу кампаниясы уланууда. Ишмердүүлүгүн мажбурлап токтотуу тизмесине киргизилген субъекттердин критерийлери такталды.

Мамлекеттик салык кызматы иш жүзүндө ишмердүүлүк жүргүзбөгөн салык төлөөчүлөрдүн жаңыланган тизмесин даярдап, коомчулукка сунуштады. Мыйзамга ылайык, документ расмий жарыялангандан кийин 30 календардык күн өткөн соң, аймактык салык органдары каттоосун жокко чыгаруу процедурасын баштоого укуктуу. Бул чара мамлекеттик реестрди актуалдаштырууга жана номиналдык бизнес-структураларды андан чыгарууга багытталган.

Бир айдын ичинде кредиторлор жана башка кызыкдар тараптар жоюу процессин токтотуу талабы менен Салык кызматына кайрыла алышат.

Эскерте кетсек, тизмеге киргизилген компаниялардын жана жеке ишкерлердин жалпы саны 21 миң 584 салык төлөөчүнү түздү.