08:15, 14 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Францияда 79-канн кинофестивали ачылды. Бул тууралуу «Контекст» Telegram каналы жазып чыкты.
Бул жылы фестивалдын программасы бир аз өзгөчө. Анда бир дагы голливуддук блокбастер жок, анткени уюштуруучулар автордук киного басым жасоону чечишкен. «Алтын пальма бутагы» үчүн 22 тасма ат салышат. Алардын арасында Рюсукэ Хамагути, Павел Павликовский, Педро Альмодовар, Андрей Звягинцев жана башка режиссёрлордун эмгектери бар.
Ачылыш аземине Деми Мур, Хайди Клум, Джейн Фонда, Элайджа Вуд, Питер Джексон жана башка атактуулар катышты.
2026-жылдагы Канн фестивалынын баш байгесинин (Гран-при) ээси 23-майда белгилүү болот.