14-майга карата аба ырайы

17:30, 13 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Эртең, 14-майда күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +5...+10 күндүз +21...+26

Таласта түнкүсүн +5...+10 күндүз +20...+25

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10...+15 күндүз +25...+30

Ысык-Көлдө түнкүсүн +3...+8 күндүз +15...+20

Нарында түнкүсүн +1...+6 күндүз +16...+21

Бишкекте түнкүсүн +7...+9°, күндүз +23...+25° болот.