Кара-Сууда каналга түшүп кеткен келин үч күндөн бери изделүүдө

15:35, 13 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Кара-Суу районунда «Савай» каналына түшүп кетти деп болжолдонгон аялды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча, 11-майда каналга 2000-жылы туулган К.А. аттуу келин түшүп кеткен. Ошол күндөн тарта куткаруучулар жана башка кызматтар издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Алгачкы эки күндө операцияга ӨКМдин 12 куткаруучусу, ИИМдин 15 кызматкери жана 170 жергиликтүү тургун катышкан. Жалпысынан 197 адам тартылган.

13-майда издөө иштери күчөтүлдү. Кошумча дагы 32 куткаруучу жана 200дөн ашык адам тартылды.

ӨКМ издөө иштери уланып жатканын, кошумча маалымат кийинчерээк берилерин белгиледи.