Кыргыз футбол биримдигинин жаңы президентинин алгачкы жыйыны өттү

11:29, 13 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз футбол биримдигинин жаңы президенти Адылбек Касымалиев жетектеген жаңыланган курамдагы Аткаруу комитетинин алгачкы жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын U-23 — U-17 улуттук курама командаларынын иш концепциясы каралып, бекитилди.

Кыргыз футбол биримдиги. Жаңы президенттин алгачкы жыйыны өттү
Мындан тышкары, Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Олимпиадалык курама команданын оюнчуларын каттоо мөөнөтүнөн тышкары Жогорку лига клубдарына билдирмеге киргизүүгө уруксат берүү маселесин карашты.