Кыргызстандан экспорттолгон сүт азыктарынын көлөмү 16,7 пайызга өстү

10:13, 13 мая 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын январь — апрель айларында Кыргызстандан экспорттолгон сүт азыктарынын көлөмү 11 миң 799 тоннаны түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миң 688,2 тоннага көп.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, өсүш болжол менен 16,7 пайызды түздү.

Экспорттун өсүшүнө айрым сүт азыктарына болгон суроо-талаптын көбөйүшү негизги таасир этти.

Тактап айтканда:

  • кычкыл сүт азыктарынын (курут, кымыз жана башкалар) экспорту 3,6 тоннадан 116,5 тоннага чейин өстү;
  • сүттүн сары суусунун экспорту 164 тоннага жетти;
  • майсыз кургатылган эчки сүтү — 17,6 тонна;
  • сүт коктейли — 2,2 тонна;
  • каймак — 1,6 тонна болду.

Ошол эле учурда айрым продукциялар боюнча экспорт көлөмү азайган.

Тактап айтканда:

  • сары майдын, кургак сүттүн
  • сырдын, балмуздактын экспорту өткөн жылга салыштырмалуу азайды.

Жалпысынан сүт тармагында экспорттун оң динамикасы сакталууда. Экспорттук ассортименттин кеңейиши жана жаңы продукция түрлөрүнүн тышкы рынокторго чыгышы тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.