Бишкектин айрым аймактарында бир нече күнгө газ өчүрүлөт

09:28, 13 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Орто жана төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу борбор калаанын айрым райондорунда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекгаз» кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «көгүлтүр от» төмөнкү көчөлөр чектешкен аймактарда жок болот:

Гаражная, Жибек Жолу проспектиси, Калинин жана Салиева көчөлөрү — 11-майдан 20-майга чейин (иштер мэриянын суроосу менен шаарды реновациялоо программасын ишке ашырууга байланыштуу жүргүзүлүүдө);

Лермонтов, Победа, Калинин жана Ленин көчөлөрү — 13-майдан 14-майга чейин.

«Бишкекгаз» газ кызматы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүнү өтүнөт. Иштер газ менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.