Өмүр — баарынан кымбат! Куткаруучулар дагы бир адамды сактап калышты

08:54, 13 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте аял киши өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган, аны ӨКМ кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Чакыруу түшөөрү менен ӨКМдин куткаруучулары окуя болгон жерге ыкчам жетип барышкан. Алардын кесипкөйлүк жана ыкчам аракеттеринин натыйжасында жаран аман-эсен куткарылып, андан ары КР ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Ар бир сакталган өмүр — бул чоң жеңиш. Куткаруучулардын негизги милдети — ар кандай өзгөчө кырдаалдарда адамдарга жардам көрсөтүү жана адам өмүрүн сактап калуу.

ӨКМ жарандарды кайдыгер калбоого чакырат. Эгерде сиз кооптуу кырдаалга күбө болсоңуз же адамга жардам керек болсо, токтоосуз 112 номерине кабарлаңыз.