БШК Темирлан Айтиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

15:46, 12 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиевдин ыйгарым укуктарын өзү берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Фото Интернеттен алынды. Темирлан Айтиев

Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиевдин күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Темирлан Айтиев 1999-жылы туулган, ал Жогорку Кеңешке № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутат болуп шайланган. Ал буга чейин эки жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болгон.