15:35, 12 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан Чүй облусу менен Бишкек шаарынын аймагында каботаждык жүк ташууларга карата пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө транспорттук мыйзамдардын талаптарын сактабоо фактылары, ошондой эле каботаждык ташууларды ишке ашырууда жүк ташуу эрежелерин жана белгиленген нормаларды бузуулар аныкталды.
Жалпысынан каботаждык жүк ташуу менен алектенген 50 транспорт каражаты текшерилди. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 50 административдик протокол түзүлдү.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 928 миң 500 сомдук айып пул өндүрүлдү.