15:09, 12 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте милиция кызматкерлери каракчылык кол салууга шектүү адамды изи суутпай кармашты. Бул тууралуу 12-майда Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-майда Ак-Ордо конушунда белгисиз жаран А.А. аттуу жаранды учтуу нерсе менен коркутуп, 2 миң сом акчасын жана Redmi 9A үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2004-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.