12:27, 12 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Хантавирус — бул айрыкча кемирүүчүлөрдүн арасында айлануучу жана белгилүү бир шарттарда адамга жугушу мүмкүн болгон вирустардын тобу.
Негизги жуктуруучулар төмөнкүлөр болуп эсептелет:
Жаныбарлар оорунун белгилерине ээ болбошу, бирок вирусту алып жүрүүчүлөр болушу жана аны курчап турган чөйрөгө заара, шилекей жана заң менен бөлүп чыгаруусу ыктымал.
Вирустун аталышы 1970-жылы вирусту алып жүрүчү кемирүүчү табылган Түштүк Кореядагы Хантан дарыясынын атынан келип чыккан.
Кандайча жугат?
Адамга төмөнкү учурларда жугушу ыктымал:
Көпчүлүк хантавирустар үчүн адамдан адамга жугуу мүнөздүү эмес. Өз алдынча Түштүк Америка штаммдары, мисалы, Андес вирусу гана өзгөчөлүккө ээ.
Оорунун симптомдору
Баштапкы баскычтарда оору гриппти эске салышы мүмкүн:
Хантавирус тез күч алышы мүмкүн. Оор учурларда төмөнкүлөр өнүгүүсү ыктымал:
Өзгөчө кемирүүчүлөр менен байланыштан соң же тобокелчилик аймактарына баргандан кийин жогорку температура, өтө алсыроо, булчуңдагы оорутуулар, жөтөл, дем алуунун кыйындашы пайда болгон учурда дарыгерге кайрылуу, ал эми эмес дем алуу бузулганда — токтоосуз түрдө шашылыш жардам чакыруу зарыл.