10:26, 12 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда мал чарбачылыгын, өзгөчө кой чарбасын жаңы деңгээлге көтөрүү максатында чоң масштабдагы көргөзмө-парад болуп өттү. Иш-чараны «Арашан» кой багуучулар ассоциациясынын Баткен жамааты жогорку деңгээлде уюштурду.
Иш-чарага Кыргызстандын жети дубанынан келген алдыңкы фермерлер гана эмес, коңшу Өзбекстан жана Казакстан мамлекеттеринен да атайын коноктор жана кызыкдар ишкерлер катышты. Көргөзмөнүн негизги максаты — Арашан породасынын генетикалык артыкчылыктарын жайылтуу, фермерлер арасында тажрыйба алмашуу жана асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө дем берүү болуп саналат.
Калыстар тобу тарабынан мыкты деп табылган малдын ээлерине баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана атайын дипломдор тапшырылды.
Арашан породасы акыркы жылдары кыргыз бренди катары дүйнөгө тааныла баштады. Анын тез эт байлаганы, боюнун бийиктиги жана жергиликтүү климатка тез көнүшү фермерлердин кызыгуусун арттырууда.
Бүгүнкү күндө бул породадагы алдыңкы кочкорлордун баасы коомчулукту таң калтырып келет. Эң мыкты деп табылган айрым асыл тукум кочкорлордун баасы бир нече миң доллардан, жүз миң долларга чейин бааланып, мал чарбасындагы эң кирешелүү тармакка айланды.