Тегеран Нобель сыйлыгынын лауреаты Наргес Мохаммадини абактан чыгарды

10:15, 12 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Иран бийлиги Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты, 54 жаштагы укук коргоочу Наргес Мохаммадини ден соолугуна байланыштуу абактан бошотту. Бул тууралуу анын фонду билдирди.

Активистка жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Зенжан шаарында он күн ооруканада жаткандан кийин, «ири өлчөмдөгү күрөө менен жазаны аткаруудан убактылуу бошотулган». Учурда Наргес Мохаммади Тегерандагы ооруканалардын биринде жана ал жерде «өзүнүн медициналык бригадасынын көзөмөлү астында дарыланат» деп такташты анын пикирлештери.

Эске салсак, Наргес Мохаммадиге 2023-жылы Ирандагы аялдардын укугун коргоо жана адам укуктарын илгерилетүү боюнча күрөшү үчүн Нобель тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. Сыйлык берилген учурда укук коргоочу камакта болчу.