Криштиану Роналдунун уулу карьерасын Европада улантышы мүмкүн

07:45, 12 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Криштиану Роналду-кенжеси карьерасын Европанын чемпионаттарынын биринде улантуусу ыктымал. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, «Аль-Насрдын» жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналдунун уулуна атасы алгач кадамдарын баштаган португалиялык «Спортинг» жана дортмунддук «Боруссия» клубдары кызыкдар болууда.

Жаш футболчу Европага кайтып келүүнү каалайт. Буга чейин ал атасы ойногон кезде «Ювентус» жана «Манчестер Юнайтед» клубдарынын өспүрүмдөр командаларында өнөрүн көрсөткөн.

Учурда Роналду-кенжеси «Аль-Насрдын» тутумунда турат. Буга чейин сауд клубу аны келерки сезондон тарта негизги командага тартуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы кабарланган.

Белгилей кетсек, Криштиану Роналдунун «Аль-Наср» менен келишими 2027-жылдын жайына чейин түзүлгөн.