«Ак-Тилек» постунда Орусиянын документтери туура эмес жүгү артка кайтарылды

15:30, 11 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан «Ак-Тилек» фитосанитардык текшерүү постунда мыйзам бузуу аныкталды.

Мекеменин маалыматына ылайык, 10-майда Россия Федерациясынан ташылып келе жаткан 36 куб метр ийне жалбырактуу пиломатериал текшерүүгө алынган.

Текшерүү учурунда фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар товарды коштоочу транспорттук документтердеги маалыматтарга дал келбегени аныкталган. Тактап айтканда, жүктү алуучулардын ар башка даректери көрсөтүлгөнү белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагындагы карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби тууралуу жобонун 3.7-пунктуна ылайык жүк кайра артка кайтарылды.