Кыргызстандык аскерлер Түркияда «Эфес-2026» эл аралык машыгууга катышууда

15:05, 11 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын аскер кызматкерлери Түркиянын Измир шаарында «Эфес-2026» эл аралык биргелешкен аскердик машыгуусуна катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, машыгуу 20-апрелден 21-майга чейин өтүп, ага жалпысынан 17 мамлекеттин аскердик контингенттери катышууда.

Бул эл аралык тажрыйба алмашууга жана аскердик кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзүүдө.

Коргоо министрлиги. Кыргызстандык аскерлер Түркияда «Эфес-2026» эл аралык машыгууга катышууда
Бекитилген даярдык планынын алкагында заманбап согуш аракеттерин жүргүзүү ыкмаларын жана жаңы технологияларды колдонуу боюнча ар түрдүү багыттарды камтыган 28 окуу жайы уюштурулду.

Белгиленгендей, учурда машыгуунун сценарийине ылайык активдүү фазага даярдык иштери жүргүзүлүүдө.