14:06, 11 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргыз футбол биримдигинин президентинин кызмат ордуна талапкер катары министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бекитилди. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоо эртең, 12-май күнү өтөт. Ал эми биримдиктин Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов бекитилген.
Айта кетсек, буга чейин Кыргыз футбол биримдигин Камчыбек Ташиев жетектеп келген.