Май майрамдарында 3 миң 160 автоунаа айып короосуна токтотулду

13:20, 11 мая 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын 1-майынан 10-майына чейинки аралыкта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган алдын алуу жана рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө төмөнкүдөй укук бузуулар аныкталды:

  • Мас абалында унаа башкаруу — 286;
  • Бейбаштык — 36;
  • Терезелерди мыйзамсыз караңгылатуу (тонировка) — 203;
  • Түз агымдагы (прямоток) өчүргүчтөр менен унаа колдонуу — 66;
  • Тиешелүү документтери жок унаа башкаруу — 632;
  • Каршы тилкеге чыгуу — 164;
  • Жалпы айып короосуна токтотулган унаалар — 3 миң 160;
  • Жалпы түзүлгөн протоколдордун саны — 13 миң 573.

ЖКККББ жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну улантууда.