12:20, 11 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков дүйнөдө күйүүчү майдын баасынын кескин өсүшү Кыргызстанга да түздөн-түз таасирин тийгизип жатканын билдирди.
Анын айтымында, АКШ менен Израиль Иранга каршы согуш аракеттерин баштагандан бери дүйнөлүк рынокто мунай жана газдын баасы жогорулап, бул импортко көз каранды өлкөлөр үчүн кошумча чыгымдарды жаратууда. Мисалы, буга чейин Россиядан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир тоннасы орточо 650 доллардын тегерегинде алынып келсе, учурда анын баасы 950 долларга чейин жеткен. Дизель отуну да кыйла кымбаттап, мурдагы 700 доллардан 1200 доллардан ашты.
Орунбеков белгилегендей, жарандар арасында «эмне үчүн Казакстанда күйүүчү май арзан?» деген суроолор жаралууда. Мунун негизги себеби — Казакстандын ири мунай ресурстарына ээ болуп, күйүүчү майды өзү өндүргөнү жана мамлекеттик субсидиялар аркылуу бааны көзөмөлдөп турганы менен түшүндүрүлөт.
Ал ошондой эле Кыргызстанда да айрым тармактарда ушундай практика бар экенин мисал келтирди. Тактап айтканда, электр энергиясынын өздүк баасы 3 сом 7 тыйын болсо, калкка 1 сом 64 тыйындан берилет, ал эми айырмасын мамлекет субсидиялайт.
«Эгер Кыргызстанда ири мунай запастары болгондо, биз дагы күйүүчү майды арзаныраак сунуштай алмакпыз. Ошондуктан ресурстардын жетишсиздигин эске алып, маселеге реалдуу караш керек», — деп белгиледи ал.
Мындан тышкары, өлкөдө мунай өндүрүү жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Учурда «Кыргызнефтегаз» жана «Джунда» мунай кайра иштетүүчү заводдорунда модернизация иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер аяктагандан кийин евростандартка жооп берген сапаттуу күйүүчү май өндүрүү мүмкүнчүлүгү кеңейери күтүлүүдө.