08:30, 11 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте жылуулук тармактарын профилактикалык оңдоо жана гидравликалык сыноо иштери аяктагандан кийин ысык сууну этап-этабы менен берүү башталды. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынан билдиришти.
2026-жылдын 8-майынан тарта ишкананын адистери магистралдык жана бөлүштүрүүчү жылуулук тармактарын толтурууга киришти. Бишкек ЖЭБинде сууну ысытуу жана керектөөчүлөргө этап-этабы менен ысык суу берүү 2026-жылдын 9-майынан тарта башталды.
Ысык сууну туташтыруу татаал технологиялык процесс болуп саналат жана ал 3–4 күндүн ичинде ишке ашырылат.
Биринчи кезекте ысык суу социалдык объектилерге — ооруканаларга, мектептерге жана бала бакчаларга берилет. Андан соң турак жайларды туташтыруу башталат.
«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы шаар тургундарынан ысык суу бериле баштаганда аралаштыргычтардагы (смеситель) крандарды текшерип, жаап коюуну, ошондой эле ысык суу тутумун бузган «кайра агып кетүүлөрдүн» алдын алуу үчүн «Аристон» тибиндеги суу ысыткыч бактарды жалпы пайдалануудагы стойкалардан жаап, өчүрүүнү суранат.
Ошондой эле тутум ишке киргизилгенден кийин жөнгө салуу жана жөндөө иштери 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн экенин билдиребиз. Бул мезгилде ысык суунун температурасында жана басымында өзгөрүүлөр болушу ыктымал.
Шаар тургундарынан түшүнүү менен мамиле кылгандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Суроолор болсо, төмөнкү номурлар аркылуу кайрылуу зарыл:
Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: