08:02, 11 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүндөн тарта Кыргызстандын бардык аймактарында аткаминерлердин жергиликтүү калк менен жолугушуулары башталат. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы Жанар Акаевдин шаар тургундары менен баарлашуу графигин коомчулукка ачыктады.
Мамлекет башчысы көтөрүлгөн маселелердин 80 пайызга жакыны райондук жана облустук деңгээлдеги компетенттүүлүккө тийиштүү экенин баса белгилеген.
Ал эми 20 пайызы гана — мектептердин, стратегиялык маанидеги жолдордун курулушу жана таза суу менен камсыздоо сыяктуу республикалык бюджеттин колдоосун талап кылган маселелер.
«Өзүңүздөр күбө болгондой, көйгөйлөрдүн көбүн жергиликтүү деңгээлде чечсе болот. Ушуга байланыштуу мен облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө, ошондой эле прокуратура, ИИМ, ӨКМдин өкүлдөрүнө бекитилген графикке ылайык, ар бир айыл өкмөткө барып, жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүүнү жана жарандардын көйгөйлүү маселелерин карап чыгууну тапшырдым», — деп түшүндүргөн Садыр Жапаров өз чечимин.