Бишкекте апта башында күн күркүрөп, жаан жаайт. 11-13-майга карата аба ырайы

09:03, 11 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте аптанын башы жаан-чачындуу болот. Бул тууралуу синоптиктер алдын ала божомолду беришти.

11-12-майда күн күркүрөп, жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +11 градуска чейин, күндүз +19 градуска чейин жылыйт.

13-майда ала булут каптап турат. Түнкүсүн +7 градус, күндүз +21 градуска чейин болушу убада кылынууда.