9-майга карата аба ырайы

23:52, 08 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Эртең, 9-майда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө 26...31,

Таласта 23...28,

Ысык-Көл чөлкөмүндө 20...25,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 28...33,

Нарын облусунда 22...27 градус жылуу болот.

Абанын табы Бишкекте 28...30, Ош шаарында 30...32 градуска көтөрүлөт.