«Өлбөс полк». Бишкекте Байтик баатыр көчөсүндө унаа кыймылы убактылуу чектелет

19:43, 08 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Эртең, 9-майда Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган «Өлбөс полк» аскердик-патриоттук акциясы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, Байтик баатыр көчөсүндө унаалардын кыймылы убактылуу чектелет.

Буга байланыштуу аталган багыт аркылуу каттаган автобустардын жүрүү аралыгы убактылуу узарышы мүмкүн.