Бишкекте 9-майда жана «Өлбөс полк» жүрүшү учурунда дрон учурууга тыюу салынды

15:38, 08 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жарандарды 9-майда Бишкек шаарында учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) бардык түрлөрүн колдонуудан алыс болууну суранат.

Мекеме дрондорду кайсы жерлерде учурууга болбой турганын тактады:

  • «Ала-Тоо» аянтынын тегерегинде;
  • Эл көп чогулган жерлерде;
  • «Өлбөс полк» акциясы өтүп жаткан аймактарда.

Бул чара иш-чаранын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле авиациялык жана коомдук коопсуздуктун талаптарын сактоого багытталган.

Эреже бузуулар аныкталган учурда, күнөөлүүлөргө КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчилик чаралары колдонулат.