ДССУ хантавирус жуктургандардын саны өсүшү мүмкүн экенин эскертти

13:41, 08 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) хантавирус жуктурган учурлар көбөйүшү мүмкүн экенин эскертти. Нидерландыда дагы эки жаңы тастыкталган учур катталганын BBC News жазып чыкты.

«Хантавирустун беш учуру тастыкталды, дагы үчөө текшерилүүдө. Алардын арасында круиздик лайнердин каза болгон жүргүнчүлөрү да бар», — деп билдирди ДССУнун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус.

«Андес вирусунун инкубациялык мезгили алты жумага чейин созуларын эске алганда, ооругандардын саны дагы өсүшү мүмкүн», — деди ал журналисттерге.

Бул билдирүүдөн көп өтпөй эле, Нидерландыда MV Hondius круиздик лайнеринен эвакуацияланган дагы эки адамдан хантавирус табылганы белгилүү болду.

Бирок ДССУнун эпидемияларга жана пандемияларга даярдык көрүү жана алдын алуу боюнча директору Мария ван Керкхове: «Бул пандемиянын башталышы эмес», — деп билдирди. Уюм паникага негиз жок экенин жана азыркы кырдаал мындан алты жыл мурунку коронавирус пандемиясынан кескин айырмаланарын белгилейт.