13:09, 08 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Советтер Союзунун Баатыры И. В. Панфиловдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча 65-эл аралык турнир жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6—7-май күндөрү өткөн бул мелдеште Кыргызстан жана Казакстандан келген 194 спортчу килем үстүндө күч сынашты.
Мында балбандар 55 кг салмактан баштап, оор салмактагы категорияларга чейин чеберчиликтерин көрсөтүп, байгелүү орундар үчүн таймаштарды өткөрүштү.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышты.