12:34, 08 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Ташкентте Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын суу жана энергетика мекемелеринин жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү аяктады. Жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары үч тараптуу протоколго кол коюлду. Бул документ менен Токтогул суу сактагычынан жакынкы эки айга бериле турган суунун көлөмү жана режими бекитилди. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Энергетика министрлиги билдирет.
«Сугат мезгилинде түштүк аймактарды жетиштүү көлөмдөгү суу менен камсыз кылуу күн тартибиндеги негизги маселе болду. Протоколго кол коюлушу Токтогул ГЭСинин сууну агызуу графигинин сакталышына кепилдик берет жана сезондун башталышында дыйкандар үчүн белгисиздикти жоет. Бул казакстандык жана өзбекстандык фермерлерге сугат иштеринин алгачкы этабын ийгиликтүү жана үзгүлтүксүз өткөрүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.
Айыл чарба сезонунун аягына чейин туруктуу суу менен камсыздоо үчүн өлкөлөр этап-этабы менен иш алып барууну макулдашты.
Мекеме жетекчилеринин кезектеги бетме-бет жолугушуусу июнь айынын ортосунда Бишкек шаарында өтөт. Анда кийинки маанилүү айлар — июль, август жана сентябрь үчүн суу агызуунун көлөмүн биротоло макулдашып, кол коюу пландалууда.
Учурдагы протоколго кол коюлушу мамлекеттер аралык суу-энергетикалык баланс механизминин жогорку натыйжалуулугун тастыктайт.