Пайдалуу кеңеш: Диетолог кимдерге алма жегенге болбой турганын айтты

12:14, 08 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Алманы айрым категориядагы адамдар рационунан толугу менен алып салышы керек. Бул тууралуу aif.ru сайтына берген маегинде дарыгер-эндокринолог, диетолог Антон Поляков эскертти.

«Жакшы сапаттагы алмалар зыян алып келбейт, ал эми курамы нитраттарга толгон же сапаты начар алмаларды рациондон чыгаруу зарыл. Ошондой эле, бул продуктуга аллергиясы бар адамдар алма жегенден качышы керек. Мында кеп атүгүл «кызаруу» реакциялар жөнүндө болуп жатат. Мисалы, бул кайыңга , чаңчага же өсүмдүктөргө аллергиясы бар адамдарга да тиешелүү болушу мүмкүн», — деп белгиледи эксперт.

Дарыгер ошондой эле ичеги-карын жолдорунда көйгөйлөрү бар адамдарды алманы этияттык менен колдонууга чакырды.

«Ачуу (кычкыл) алмалар ашказан-ичеги оорулары курчуп жаткан учурда былжыр челди дүүлүктүрүшү мүмкүн. Алар гастрит, ашказан жарасы жана башка ушул сыяктуу оорулардын симптомдорун күчөтүп жибериши ыктымал», — деп кошумчалады адис.