11:18, 08 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусунун Сузак, Аксы райондорунда жана Манас, Таш-Көмүр шаарларында болду. Мындан тышкары, министр Ош облусунун Өзгөн районундагы сел коркунучу бар объектилер менен жеринде таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө министр табигый кырсыктын кесепеттерин жеринен көрүп чыгып, жергиликтүү тургундар менен жолукту. Жолугушууларда көйгөйлүү маселелер жана сел кырсыктарынын алдын алуу боюнча жарандардын сунуш-пикирлери талкууланды.