«Алтын топ» сыйлыгына негизги талапкер аталды. Ал ким?

07:45, 08 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Чемпиондор лигасынын жарым финалдык баскычынан кийин «Goal» порталынын авторлору 2026-жылкы «Алтын топ» сыйлыгынын талапкерлердин жаңыланган рейтингин жарыялашты.

Бул рейтингдин сап башында дагы деле «Бавариянын» чабуулчусу Гарри Кейн турат. Англиялык футболчу «Алтын топтун» негизги талапкери катары эсептелүүдө. Экинчи орунга Ламин Ямаль көтөрүлдү — рейтингдин мурунку версиясында «Барселонанын» вингери үчүнчү орунда болчу. Ал эми азыр үчүнчү орунду сыйлыктын учурдагы ээси — «ПСЖнын» оюнчусу Усман Дембеле ээледи.

Төртүнчү орунда «Арсеналдан» Деклан Райс, ал эми бешинчи орунга экинчи тепкичтен «Бавариянын» оюнчусу Майкл Олисе түшүп калды. Алтынчыдан онунчу орунга чейин ирети менен төмөнкү футболчулар жайгашты: Килиан Мбаппе, Хвича Кварацхелия, Эрлинг Холанн, Витинья жана Луис Диас.

Лионель Месси 13-орундан 12-орунга, ал эми Криштиану Роналду 14-орундан 13-орунга көтөрүлдү.