Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

21:10, 07 мая 2026, Бишкек - 24.kg

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарында оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин аяктады.

8-майда ишкананын адистери системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтуруу жана ысык суу менен камсыздоону ишке киргизүүгө даярдык көрүүнү башташат.

Ысык суу алгач шаардын борбордук бөлүгүнө берилет. Андан кийин түштүк кичи райондорго жана системанын башка бөлүктөрүнө акырындык менен берилет.

Айрым аймактарда, айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку кабаттарында жайгашкан жерлерде, ысык суу менен камсыздоону калыбына келтирүү кошумча убакытты талап кылышы мүмкүн.

«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы тургундарга жылуулук тармагынан ысык суу менен камсыздоо калыбына келтирилгенде, крандарын текшерип, жабууларын суранат.