17:21, 07 мая 2026, Бишкек - 24.kg
9-Май — Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери жана согуштун катышуучулары менен жолугушуулар уюштурулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана ИИМдин Борбордук аппаратынын жетекчилери катышты. Анда ардагерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк, зарыл дары-дармектер тапшырылып, ошондой эле материалдык жардам көрсөтүлдү.