Олимпиада байгесинин ээси Жоламан Шаршенбеков ден соолугу тууралуу айтып берди

15:19, 07 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Париж Олимпиадасынын байге ээси жана күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков журналисттерге алган жаракатынан улам ден соолугунун абалы тууралуу айтып берди.

Эске салсак, 2024-жылкы оюндардан кийин ал бир гана мелдешке — 2025-жылдын август айында Польшада өткөн турнирге катышкан.

«Париж Олимпиадасынан кийин бир эле турнирге катыштым. Бирок анда да жаракатыма байланыштуу өтө этияттык менен күрөшүүгө туура келди. Турнирди уттум, бирок дарыгерлер ден соолукту толук калыбына келтирүү керектигин айтышты. Ошондон бери күрөшө элекмин», — деди ал.

Фото Архивден алынды. Олимпиада байгесинин ээси Жоламан Шаршенбеков ден соолугу тууралуу айтып берди

Жоламан Шаршенбеков жаракатка сыноо катары карай турганын жана калыбына келүү процессин улантып жатканын белгиледи. Ошондой эле килемди, күрөштү жана чоң мелдештерди сагынганын моюнга алды.

Учурда Олимпиада байгесинин ээси Кыргызстандын курама командасы менен бирге Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйынында жүрөт.

Poland Open эл аралык турниринде 63 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков финалда Казакстандык балбанды 2 мүнөткө жетпеген убакытта жеңип алган. Белгилей кетсек, кыргыз балбаны бул жолу жаңы салмак категориясында күчүн сынады. Буга чейин ал 60 килограммга чейинки салмакта күрөшүп келген.