11:37, 07 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды жана эс алуучуларды аба ырайынын өзгөрүшү тууралуу эскертет.
7-майдан 12-майга чейин Чүй облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайы жана катуу жаан-чачын күтүлөт. Сел жүрүү коркунучу бар, ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Чүй облусунун тургундарына жана конокторуна майрам жана дем алыш күндөрү коопсуздук чараларын сактоо сунушталат: мүмкүн болушунча тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарга барбоо, дарыялардын жээктеринде жана капчыгайларда эс албоо, ошондой эле катуу жаан учурунда тоо жолдорунда жүрбөө керек.
Эс алуу учурунда жеке коопсуздугуңузга көңүл буруп, катуу агымдагы суулардан алыс болуңуз.
Зарыл учурда 102 кызматына кайрылыңыз.