10:05, 07 мая 2026, Бишкек - 24.kg
6-майда Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан «Байсан» ресторанын толугу менен түрттүрүү иштери башталды. Бийлик суу коргоо зонасын тазалап, бул аймакка сейил бак курууну пландап жатканын билдирүүдө.
Шаар мэри Жанарбек Акаевдин айтымында, мыйзамсыз курулуштардын ордуна 10 гектардан ашык аянтты ээлеген коомдук жай курулат. Мэр буга чейин ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, компенсация жана бизнести башка жерге көчүрүү сунушталганын, бирок тил табышуу мүмкүн болбогонун белгиледи.
«Биз коомчулуктун пикирин эске алдык. Бул жерде сейил бак болот: веложол, гүлзарлар, пляж курулат. Бул мамлекеттик муктаждык. Элде эмне үчүн айрым объекттер бузулуп, башкалары калып жатат деген суроолор жаралууда. Мамиле баарына бирдей болушу керек», — деди ал.
Ошол эле күнү кечинде мэрия «Байсан» ресторанын демонтаждоо учурундагы видеону таратты. Администрация бул кадамды бардык тараптарга бирдей мамиле жасоо жана суу жээгиндеги аймактарды курулуштардан бошотуу принцибин ишке ашыруу катары билдирди.
Эске салсак, ресторанды бузуу маселеси алгач мындан бир жыл мурун, мурунку мэр Жеңишбек Токторбаевдин тушунда көтөрүлгөн. Ал кезде имарат жарым-жартылай гана бузулуп, иш токтоп калган. Ошол учурда коомчулукта ресторан парламенттин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековго таандык деген маалыматтар тараган. Саясатчы ал убакта кырдаал боюнча эч кандай комментарий берген эмес.
Акыркы убакта ЖМКлар имаратты кайра калыбына келтирүү иштери башталганын кабарлашкан.
6-майда Ахматбек Келдибеков «Байсан» ресторанынын айланасындагы кырдаал боюнча алгачкы жолу пикирин билдирди. Саясатчы өз билдирүүсүндө бул жайга эч кандай тиешеси жок экенин баса белгиледи.
Анын айтымында, объект анын агасы Урмат Белекбаевдин жубайы Адалат Абдибаитовага таандык.
Ал жер тилкеси мыйзамдуу негизде сатылып алынганын, муну Жогорку соттун чечими тастыктай турганын айтып, соттун чечими жок туруп имаратты бузуунун мыйзамдуулугунан күмөн санаганын билдирди.
Ошондой эле Келдибеков Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев ресторандын ээси тууралуу мурда айткан такталбаган маалыматы үчүн кечирим сураганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Ахматбек Келдибеков акыркы жылдары өлкө сыртында жүрүп, Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин Кыргызстанга кайтып келген.