Бүгүн Байланыш жана радио күнү

09:03, 07 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 7-май Кыргызстандын байланыш тармагынын жана радио кызматкерлерин адистик күнү.

Майрамдын тарыхына токтоло турган болсок, мындан 125 жыл мурун орус окумуштуусу Александр Попов байланыш тармагында ачылыш жасап, 7-майда радио байланышты ойлоп тапканын жарыя кылган.

Совет доорунда 1945-жылдан бери 7-май— радио күнү расмий белгиленип келген.

Ал эми Кыргызстанда 1995-жылы 17-апрелде Өкмөттүн токтому менен 7-май — Байланыш жана радио күнү —деп белгиленген.

Кошумчалай кетсек, учурда радио интернеттен кийинки эле эң ыкчам маалымат булагы болуп саналат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 50гө жакын радиостанциялар иштеп келе жаткандыгы айтылат.