Бишкекте жапон маданиятынын жана достугунун фестивалы өтөт. Программасы

08:30, 07 мая 2026, Бишкек - 24.kg

23-майда Бишкекте жапон маданиятынын жана достугунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, иш-чара саат 12:30да КУУнун жетинчи корпусунда башталат.

Программада:

  • барабанчылардын өнөрү;
  • музыкалык номерлер;
  • чай аземи;
  • маданий зоналар (оригами, каллиграфия, юката, жапон ашканасы);
  • айкидо, кэндо, каратэ жана башка искусстволор боюнча мастер-класстар.

Кирүү акысыз.