17:21, 06 мая 2026, Бишкек - 24.kg
ӨКМ Кыргызстандын тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 7-майдан 12-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.