16:17, 06 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык зыяратчылардын биринчи тобу ажылыкка 11-майда Сауд Аравиясына жөнөйт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Муфтияттын маалыматы боюнча, быйыл ыйык жайларды өлкөнүн 6 миң 60 жараны зыярат кылат.
2026-жылы ажылыктын баасы бир адамга 4 миң 650 долларды түздү.
Буга чейин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу быйыл зыяратчылар үчүн эрежелерде жана талаптарда олуттуу өзгөрүүлөр азырынча катталбаганы кабарланган.