12:04, 06 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Ош шаарында үч кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Жаңы спорттук объектилер Сай-Бою көчөсүндө, № 27 КПССтин XXIV съезди атындагы орто мектептин жана Александр Пушкин атындагы № 21 мектеп-гимназиясынын аймагында жайгашкан. Бул тууралуу түштүк калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага катышкан мэр Жанарбек Акаев балдар жана жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, футболду массалык түрдө өнүктүрүү шаар жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Ошондой эле ал Сай-Боюу көчөсүндөгү спорттук комплекстердин абалы жакшырып жатканын белгилеп, келечекте бул аймактын толук кандуу спорттук шаарчага айланарын кошумчалады.