11:41, 06 мая 2026, Бишкек - 24.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгында кемелерди коштоо боюнча «Эркиндик долбоору» операциясы кыска мөөнөткө токтотулганын жарыялады.
Анын айтымында, бул чечим Иран менен макулдашууга келип, келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүн баалоо максатында кабыл алынган.
«Пакистандын жана башка өлкөлөрдүн өтүнүчүнө, ошондой эле Иран менен толук жана биротоло макулдашууга жетишүүдө олуттуу прогресске көңүл буруп, блокада толук күчүндө турганда «Эркиндик долбоору» миссиясын ишке ашыруу кыска убакытка токтотулат деп өз ара макулдаштык», — деп жазган америкалык лидер өзүнүн Truth Social социалдык тармагында.
Эске салсак, Дональд Трамп «Эркиндик» операциясын 3-майда жарыялаган. Ал кемелердин Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз өтүүсү камсыз кылынарын белгилеген.