11:09, 06 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Борбор калаада жалпы зыяны 2 миллион сомдон ашкан бир катар алдамчылык аракеттерди жасоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнү баштоого борбор калаанын тургунунун арызы негиз болгон. Жабырлануучу А. аттуу аял алган милдеттенмелерин аткарбаганын билдирген. Иштин материалдарына ылайык, ушул жылдын 13-январында арыз ээси ага сатуу үчүн эки унааны — KIA Sportage жана Mercedes-Benz S500 үлгүсүндөгү унааларды өткөрүп берген. Бирок, унаалардын ээси макулдашылган 22 миң 715 доллар сумманы алган эмес.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1991-жылы туулган А.Т. аттуу шектүүнү кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери уланууда. Укук коргоо органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, кармалган жаран ушул сыяктуу дагы үч алдамчылык фактысына тиешеси болушу мүмкүн.