08:16, 06 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Лондондук «Арсенал» клубу Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын экинчи оюнунда мадриддик «Атлетикону» жеңип, 2025/2026-жылкы сезондун Чемпиондор Лигасынын биринчи финалисти болду
Лондондогу «Эмирейтс» стадионунда өткөн беттеш 1:0 эсебинде жыйынтыкталды. Бул беттештеги жалгыз голду 44-мүнөттө Леандро Троссарддын пасынан кийин Букайо Сака киргизди.
Командалар ортосундагы биринчи жарым финалдык беттеш тең чыгуу (1:1) менен аяктаган болчу.
Экинчи жарым финалда париждик «ПСЖ» менен мюнхендик «Бавария» бүгүн, 6-майда беттешет. 28-апрелде өткөн алардын биринчи оюну француз клубунун 5:4 эсебиндеги жеңиши менен аяктаган.
2026-жылкы Чемпиондор Лигасынын финалы 30-майда Будапешт шаарындагы «Ференц Пушкаш» стадионунда өтөт. Чемпиондор Лигасынын учурдагы жеңүүчүсү — финалдык беттеште италиялык «Интерди» 5:0 эсебинде жеңип алган француздук «ПСЖ» командасы болуп саналат.